РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 7 октября 2025 года № 868-т (О назначении с кыргызской стороны Наблюдательного совета Центрально-Азиатского института прикладных исследований Земли)

Редакцияот 07.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 7-октябры № 868-т

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 “Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1.  Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын: 

–  Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

–  Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;

–  Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б буйругу;

2)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 374-б буйругу.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев