ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 20 октября 2025 года № 682 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об утверждении Порядка ввоза семян на территорию Кыргызской Республики» от 24 июня 2024 года № 327»

Редакцияот 20.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 20-октябры № 682

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 327 “Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

  

Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү алып келүү процессин жөнөкөйлөтүү жана бюрократиядан арылтуу максатында, “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 327 “Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибинде:

– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы   

 

 

 

А.А. Касымалиев