Закон КР от 14 октября 2025 года № 209 «О ратификации Соглашения между Кыргызской Республикой и Организацией Объединенных Наций относительно применения SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) с соответствующими изменениями к Офису Постоянного Координатора, включая Постоянного Координатора и других членов этого Офиса в Кыргызстане, заключенного путем обмена письмами между Кыргызской Республикой и Организацией Объединенных Наций»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-октябры № 209
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Туруктуу координатордун кеңсесине, анын ичинде бул Кеңсенин Кыргызстандагы Туруктуу координаторуна жана башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү өзгөртүүлөр менен SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Туруктуу координатордун кеңсесине, анын ичинде бул Кеңсенин Кыргызстандагы Туруктуу координаторуна жана башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү өзгөртүүлөр менен SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 17-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |