ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 15 октября 2025 года № 670 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О переводе (трансформации) земельного участка, расположенного на территории айылного аймака Кожомкул Сокулукского района Чуйской области Кыргызской Республики, из категории «Земли сельскохозяйственного назначения» в категорию «Земли промышленности, транспорта, связи, энергетики, обороны и иного назначения» от 5 августа 2025 года № 471»

Редакцияот 15.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-октябры № 670

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 5-августундагы № 471 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунда индустриалдык-логистикалык технопарк куруу улуттук инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15, 16-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 471 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев