Закон КР от 27 октября 2025 года № 236 «О ратификации Дополнительного соглашения № 1 к Кредитному соглашению от 23 мая 2019 года между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту «Реабилитация систем водоснабжения в органах местного самоуправления Мырза-Аке, Дон-Булак и Куршаб» и Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития в отношении инвестиционного гранта из Специального фонда акционеров Европейского банка реконструкции и развития, предоставляемого по проекту «Реабилитация систем водоснабжения в органах местного самоуправления Мырза-Аке, Дон-Булак и Куршаб», подписанных 14 апреля 2025 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 27-октябры № 236
2025-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 23-майындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга карата № 1 кошумча макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2025-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 23-майындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга карата № 1 кошумча макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |