ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 6 ноября 2025 года № 722 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об утверждении Программы по привлечению инвестиций в Кыргызскую Республику на 2022–2026 годы«от 30 июня 2022 года № 352»

Редакцияот 06.11.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 6-ноябры № 722

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-июнундагы № 352

“2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына

инвестицияларды тартуу боюнча программаны

бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 “2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

“– Программанын бюджети 4-тиркемеге ылайык.”;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планында:

– 1-пункттун 1.2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 20-пунктта “2024-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр “2026-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 27-пунктта “ТИМ,” деген сөздөр алып салынсын;

– 32-пункттун 32.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“

 

32.2. Өнөр жай ишканалары үчүн инвестициялык пакеттердин (инвестициялык лоттордун) системасын киргизүү, анын ичинде инвесторлорго даяр инфраструктурасы жана иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү зарыл болгон

документтери бар жер тилкесин берүү

2026-жылдын 31-декабрына чейин

Кеминде 4 инвестициялык лотту даярдоо

Донорлордун каражаттарын тартуу

ПИУА, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

 

”;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинде:

– 1-пункттун 1.2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 20-пунктта “2024-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр “2026-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 27-пунктта “ТИМ,” деген сөздөр алып салынсын;

– 32-пункттун 32.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“

 

32.2. Өнөр жай ишканалары үчүн инвестициялык пакеттердин (инвестиция-лык лоттордун) системасын киргизүү, анын ичинде инвесторлорго даяр инфраструкту-расы жана иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү зарыл болгон

документтери бар жер тилкесин берүү

2026-жыл-дын 

31-дека-брына чейин

ПИУА, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулда-шуу боюнча)

млн сом

 150

0

 0

 150

 0

0

150

 

”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев