ПостановлениеДействует

Постановление Нарзанского айылного аймака от 14 марта 2025 года № 01-3/28 «Об утверждении программы социально-экономического развития Нарзанского айылного аймака на 2025-2027 годы»

Редакцияот 14.03.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025 –жылдын 14-марты № 01-3/28

 

«2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, сессия,

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. 2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Нарзан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы И.Э.Оскомбаевге тапшырылсын.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

 Т.К. Кулжанов