ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 25 ноября 2025 года № 155 «Об аккредитации международных наблюдателей на досрочных выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, назначенных на 30 ноября 2025 года»

Редакцияот 25.11.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-ноябры № 155

 

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Индонезия Республикасынын Ташкент шаарындагы Элчилигинин, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктɵлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Т.Шайназаров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 155 токтомуна тиркеме

Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

К/н №

Ырастама №

Уюм

Фамилиясы аты-жɵнү

Ɵлкɵ

Ээлеген кызмат орду

1

771

 Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясы

Б.Д.Р.Тивари

Индия Республикасы

Мегхалая штатынын башкы шайлоо офицери

2

772

Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясы

Лату Трипатхи,

Индия Республикасы

Индиянын Шайлоо комиссиясынын катчысы

3

773

Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Гандилов Латиф Сейфаддин оглы

Азербайжан Республикасы

Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи

4

774

Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш.

Юди Аламин

Yudi Alamin

Индонезия Республикасы

Индонезия Республикасынын элчилигинин кеңешчиси - министри

Ташкент ш.

5

775

Индонезия Республикасынын элчилиги

Ташкент ш.

Джунэ Кунчоро Хадининграт/June Kuncoro Hadiningrat

Индонезия Республикасы

Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси

6

776

Индонезия Республикасынын элчилиги

Ташкент ш.

Баскоро Прамадани/Baskoro Pramadani

Индонезия Республикасы

Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери

7

777

Индонезия Республикасынын элчилиги

Ташкент ш.

Пуну Мариана Сюзан

Punu Mariana Susan

Индонезия Республикасы

Индонезия Республикасынын элчилигинин кызматкери

Ташкент ш.

8

778

Индонезия Республикасынын элчилиги Ташкент ш.

Росалина Тобинг

Rosalina Tobing

Индонезия Республикасы

Индонезия Республикасынын элчилигинин кызматкери

Ташкент ш.

9

779

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Баязит Юсуф

Түркия Республикасы

Парламенттин депутаты, "Түркия-Кыргызстан" парламенттер аралык достук уюмунун башчысы

10

780

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Жевахир Узкурт

Түркия Республикасы

"Түркия-Кыргызстан" парламенттер аралык достук уюмунун мүчɵсү

11

781

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Эсма Кезбан Килич

Түркия Республикасы

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Аппаратынын Протокол жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкери

12

782

Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Ниязходжаев Саидикрам Пархатович

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

13

783

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Шандор Дороги

Венгрия

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

14

784

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Жолт Силард Мариш

Венгрия

Элчинин орун басары

15

785

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Золтан Тимар

Венгрия

Жетектɵɵчү консул

16

786

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Дьёрдь Тар

Венгрия

Консул

17

787

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Толу Аль Хашеми Хоссейни Нежад

Сейед Мохаммад

Сейед Мостафа

Иран Ислам Республикасы

Атташе

18

788

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Хирана Рюити

Япония

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси