Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 3-сессиясы
2025-жылдын 11-январы № 3-01
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2026-2027 –жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы менен тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин, айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн жетексинин катышуусунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралып чыккан жана Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын, бюджет кодексинин 16-главасынын 78-беренесинин негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү 38270,5миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соцказынага чегерүү) каржылануусу белгиленсин.
3. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2-3- тиркемелерге ылайык киреше бөлүмдөрү 2026-жылга 39 076,3 миң сом, 2027-жылга 40 094,3 миң сом өчөмүндө аныкталып, өз мезгилинде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө пландан ашыкча түшкон каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
5. Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго жана финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Айткулов |