ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 3 декабря 2025 года № 772 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении правил организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в Кыргызской Республике» от 23 сентября 2013 года № 519»

Редакцияот 03.12.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 3-декабры № 772

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу айдоочулардын лицензияларды алуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 17-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде: 

– 1941-пункттун сегизинчи абзацында “2025-жылдын 1-декабрынан” деген сөздөр “2026-жылдын 1-февралынан” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет. 

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев