ПостановлениеДействует

Постановление Жайылского айылного кенеша Жайылского айылного аймака от 23 мая 2024 года № 18 «Об утверждении тарифов за вывоз мусора на участке Гидропартия, в селах Кара-Дөбө , Калдык и Жайыл»

Редакцияот 23.05.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VII -чакырылыш, 8-сессиялык отурум

 

2024-жылдын 23-майындагы № 18

Гидропартия участогунун, Кара-Дөбө, Калдык, жана Жайыл айылдарынын таштандыларын чыгаруунун тарифин бекитүү тууралуу

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Жайыл Таза Аймак” Муниципалдык ишканасынын мүдүрү- Б.Б.Баймонкоевдин маалыматын угуп жана берилген эсептөөлөрдү талкуулап, Жайыл айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таштанды чыгаруу боюнча төмөнкү тариф бекитилсин:

- Гидропартия участогунда ар бир кожолука – 180 сом

- Калдык, Жайыл айылдарында ар бир кожолука - 200 сом

- Кара-Дөбө айылында ар бир кожолука - 220 сом

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

Жайыл айылдык Кеңешинин

төрагасы

 

 

Мамбеткулов А.А.