РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызкой Республики от 26 декабря 2025 года № 1152-р (Об одобрении прилагаемого на официальном языке проекта Дополнительного соглашения о внесении изменений в Соглашение между Государственным агентством гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики, открытым акционерным обществом «Международный аэропорт Манас» и компанией «China Road and Bridge Corporation (CRBC)» о реализации проекта «Комплексное развитие международных аэропортов «Манас», «Ош» в части проведения ремонтно-восстановительных работ элементов аэродрома, включая искусственную взлетно-посадочную полосу, рулежные дорожки и перрон», подписанное 25 декабря 2024 года)

Редакцияот 26.12.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 26-декабры № 1152-т

 

 

1.  2024-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун жана “China Road and Bridge Corpоration (CRBC)” компаниясынын ортосундагы “Аэродромдук элементтерди, анын ичинде жасалма учуу-конуу тилкесин, рулеждик жолчолорду жана перронду оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү бөлүгүндө “Манас”, “Ош” эл аралык аэропортторун комплекстүү өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3.  “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы менен “Ош” эл аралык аэропортунда аэродромдук элементтерди, анын ичинде жасалма учуу-конуу тилкесин, рулеждик жолчолорду жана перронду оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү маселесин башкаруу органдарынын кароосуна киргизүү сунушталсын.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев