ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 2 декабря 2025 года № 771 «Об утверждении перечня видов отходов, в состав которых входят полезные компоненты, запрещенные к захоронению»

Редакцияот 02.12.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 2-декабры № 771

 

Курамына көмүүгө тыюу салынган пайдалуу

компоненттер кирген калдыктардын түрлөрүнүн

тизмегин бекитүү жөнүндө

 

 

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Курамына көмүүгө тыюу салынган пайдалуу компоненттер кирген калдыктардын түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

Тиркеме

 

Курамына көмүүгө тыюу салынган пайдалуу компоненттер кирген калдыктардын түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ

№

Калдыктардын түрүнүн аталышы

Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатура-сынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН)

Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенция-сынын классификациясы боюнча калдыктардын түрүнүн коду

1

Буюм, кесек түрүндө булганбаган кара металлдарды камтыган сорттолбогон сыныктар жана калдыктар

7204 <1>

В1010 <2>

2

Кара металлдын булганбаган сыныктары

-

-

3

Чоюн буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

4

Кесек формасында чоюндун булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

5

Чоюндун булганбаган сыныктары

-

-

6

Чоюндун сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

7

Болот буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

8

Кесек формасындагы болоттун булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

9

Болоттун булганбаган сыныктары

-

-

10

Болоттун сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

11

Жезди жана коргошунду көбүрөөк камтыган буюмдар, кесек түрүндөгү сорттолбогон түстүү металлдарды камтыган сыныктар жана калдыктар

7404 <1>

-

12

Жезди жана цинкти көбүрөөк камтыган буюмдар, кесек түрүндөгү сорттолбогон түстүү металлдарды камтыган сыныктар жана калдыктар

-

-

13

Жезди, анын эритмелерин жана алюминийди көбүрөөк камтыган буюмдар, кесек түрүндөгү сорттолбогон түстүү металлдарды камтыган сыныктар жана калдыктар

-

-

14

Алюминийди жана жезди көбүрөөк камтыган буюмдар, кесек түрүндөгү сорттолбогон түстүү металлдарды камтыган сыныктар жана калдыктар

-

-

15

Алюминийди, цинкти жана жезди көбүрөөк камтыган буюмдар, кесек түрүндөгү сорттолбогон түстүү металлдарды камтыган сыныктар жана калдыктар

-

-

16

Калайды, алюминийди жана цинкти көбүрөөк камтыган, буюм түрүндөгү сорттолбогон түстүү металлдарды камтыган сыныктар жана калдыктар

-

-

17

Жез эритмелерин камтыган буюмдар, кесек түрүндөгү сорттолбогон, булганбаган сыныктар жана калдыктар

-

-

18

Каптоосуз жез буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

19

Кесек формасындагы булганбаган жез сыныктары жана калдыктары

-

-

20

Жездин сорттолбогон булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

21

Коло буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

22

Кесек формасындагы колонун булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

23

Колонун сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

24

Сары жез буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

25

Кесек формасындагы сары жездин булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

26

Сары жездин сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

27

Алюминийден даярдалган буюмдардын булганбаган сыныктары жана калдыктары (электр техникалык буюмдардын сыныктарынан тышкары)

7602 <1>

-

28

Кесек формасындагы алюминийдин булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

29

Алюминий фольгасынын сыныктары жана калдыктары

-

-

30

Алюминий суусундук банкаларынын сыныктары

-

-

31

Алюминийдин сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

32

Каширленген алюминийдин булганбаган фольгасынын калдыктары

-

-

33

Иштетилген алюминий фольгасынын калдыктары

-

-

34

Титан буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

8108<1>

-

35

Кесек формасындагы титандын булганбаган сыныктары жана калдыктары

8108

-

36

Титан, кобальт жана вольфрамды камтыган катуу эритмелерден жасалган буюмдардын сыныктары жана калдыктары

8108

-

37

Коргошун буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

7802 <1>

-

38

Кесек формасындагы булганбаган коргошундун сыныктары жана калдыктары

-

-

39

Коргошундун сорттолбогон сыныктары

-

-

40

Цинк буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

7902 <1>

-

41

Кесек формасындагы цинктин булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

42

Кесек формасындагы цинктин булганбаган сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

43

Никель жана никель эритмесинен жасалган буюмдардын булганбаган сыныктары жана калдыктары

7503 <1>

-

44

Никель жана никель эритмесинин кесек формасындагы булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

45

Никель жана никель эритмесинин сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

46

Калай буюмдарынын булганбаган сыныктары жана калдыктары

8002 <1>

-

47

Кесек формасындагы калайдын булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

48

Калайдын сорттолбогон сыныктары жана калдыктары

-

-

49

Сурьманы, коргошунду, жезди камтыган калайдын негизиндеги эритмелерден жасалган буюмдардын калдыктары

-

-

50

Калайдын негизиндеги баббит калдыктары

-

-

51

Хромдон жана анын негизиндеги эритмелерден жасалган булганбаган буюмдардын сыныктары жана калдыктары

8112 <1>

-

52

Хромдун жана анын негизиндеги эритмелердин кесек формасындагы булганбаган сыныктары жана калдыктары

-

-

53

Хром камтыган сорттолбогон сыныктар жана калдыктар

-

-

54

Вольфрамдан жана вольфрамдын негизиндеги эритмелерден жасалган буюмдардын булганбаган сыныктары жана калдыктары

8101<1>

-

55

Аралашмадагы вольфрамдын негизиндеги катуу эритмелерден жасалган буюмдардын калдыктары

-

-

56

Керектөө касиеттерин жоготкон сымап, сымап-кварц, люминесценттик лампалар

8539 <1>

А1030 <2>

57

Керектөө касиеттерин жоготкон светодиоддук лампалар

-

А1010

58

Керектөө касиеттерин жоготкон сымап камтыган импульстуу релелер

8536

А1030 <2>

59

Керектөө касиеттерин жоготкон кадмий сульфатын камтыган калдыктар

2833

-

60

Сымап-цинк элементтеринин жана батареяларынын калдыктары

8506

-

61

Сымап калдыктары бар сымап лампаларынын жана термометрлеринин айнек сыныктары

8539

-

62

Сымап менен булганган полимер материалдардан жасалган таңгак

3923

-

63

Жумушчу суюктук катары керектөө касиеттерин жоготкон сымап

2805

-

64

Сымап вентилдеринин калдыктары

8581

-

65

Сымап термометрлеринин калдыктары

8549

-

66

Керектөө касиеттерин жоготкон сымап камтыган лабораториялык приборлордун бөлүктөрү

2805

-

67

Керектөө касиеттерин жоготкон вентилдердин, термометрлердин, сымап, сымап-кварц, аралашмадагы люминесценттүү лампалардын калдыктары

8549

-

68

Кара-ак жана түстүү басма басылган картондун керектөө калдыктары (электр изоляциялык, чатыр жана бут кийим картонунан тышкары)

4707

В3020 <2>

69

Колдонулган китептер, журналдар, брошюралар, проспекттер, каталогдор

4901

-

70

Кеңсе ишинен жана иш кагаздарын жүргүзүүдөн кагаз жана картон калдыктары

4707 <1>

-

71

Гезиттердин калдыктары

-

-

72

Кагаз этикеткаларынын калдыктары

-

-

73

Керектөө касиеттерин жоготкон кара-ак басма басылган продукция

4911

-

74

Керектөө касиеттерин жоготкон кагаз втулкалар (капталбаган жана сиңирилбеген)

4823 <1>

-

75

Керектөө касиеттерин жоготкон катмарланган кагаз (капталбаган жана сиңирилбеген)

-

-

76

Поливинилхлорид пленкасынын калдыктары бар катмарланган кагаз

-

-

77

Поливинилацетат негизиндеги полимерлер менен булганган катмарланган кагаз

-

-

78

Керектөө касиеттерин жоготкон, нымдуулукка туруктуу эмес булганбаган кагаз баштыктары (битум сиңирилбеген, катмарланбаган жана катмарлары бекемделген)

4819

-

79

Таңгактоочу кагаздын булганбаган калдыктары

4707 <1>

-

80

Таңгактоочу картондун булганбаган калдыктары

-

-

81

Таңгактоочу гофрленген картондун булганбаган калдыктары

-

-

82

Аралашмадагы кагаздан жана (же) картондон жасалган булганбаган таңгак

-

-

83

Кара жана күрөң түстөрдөн башка картондун ар кандай түрлөрүн керектөө калдыктары

-

-

84

Кара жана күрөң түстөрдөн башка ак жана түстүү кагаздардын ар кандай түрлөрүн керектөө калдыктары

-

-

85

Туш кагаз, пачка, катушка жана кагаздын башка түрлөрүн керектөө калдыктары

-

-

86

Иштетилген пневматикалык автомобиль шиналары

4012 <1>

В3140 <2>

87

Металл шнуру бар катуу же жарым пневматикалык иштетилген резина шиналары

-

-

88

Иштетилген пневматикалык автомобиль шиналарынын камералары

4012

-

89

Кездеме шнуру бар иштетилген пневматикалык шиналардын покрышкалары

4012 <1>

-

90

Металл шнуру бар иштетилген пневматикалык шиналар

-

-

91

Полиэтилен пленкасынын жана андан жасалган буюмдардын булганбаган калдыктары

3915 <1>

В3010 <2>

92

Полиэтилен идиштеринин булганбаган калдыктары

-

-

93

Керектөө касиеттерин жоготкон колдонулган катмарланган полиэтилен

-

-

94

Полипропилен пленкасынын жана андан жасалган буюмдардын булганбаган калдыктары

-

-

95

Полипропилен идиштеринин булганбаган калдыктары

-

-

96

Иштетилген булганбаган полипропилен таңгактары

-

-

97

Полистирол пленкасынын жана андан жасалган буюмдардын булганбаган калдыктары

-

-

98

Полиакрилат пленкасынын жана андан жасалган буюмдардын булганбаган калдыктары

-

-

99

Полиэтилентерефталат пленкасынын булганбаган калдыктары

-

В3011

100

Галогендерди камтыбаган түрдүү полимердик материалдардын булганбаган идиштери

3923

В3010

101

Булганбаган айнек идиштер

7010 <1>

В2020 <2>

102

Химиялык реагенттердин булганбаган айнек идиштери

-

-

103

Туз кислотасы жана анын туздары менен булганган айнек идиштери (кислотанын курамы 1,5%дан көп эмес)

-

-

104

Гетероатоманы камтыбаган галогенделбеген органикалык заттар менен булганган айнек идиштери

-

-

105

Органикалык, анын ичинде галогендүү эриткичтер менен булганган айнек идиштер (курамы 2%дан көп эмес)

-

-

106

Органикалык, анын ичинде галоген камтыган заттар менен булганган аралашмадагы химиялык реактивдердин айнек идиштери (эриткичтин курамы 10%дан көп эмес)

-

-

107

Көбүнчө органикалык эмес туздар менен булганган аралашмадагы химиялык реактивдердин айнек идиштери

-

-

108

Органикалык эмес кислоталар жана органикалык эриткичтер менен булганган аралашмадагы химиялык реактивдердин айнек идиштери

-

-

109

Галогенделбеген органикалык эриткичтер менен булганган айнек идиштери (эриткичтин курамы 15%дан аз)

-

-

110

Керектөө касиеттерин жоготкон электрондук компьютердик платалар

8473

А1180 <2>

111

Керектөө касиеттерин жоготкон электрондук платалар (компьютердик платалардан тышкары)

8549

-

112

Керектөө касиеттерин жоготкон магниттик катуу компьютер дисктери

8471

-

113

Керектөө касиеттерин жоготкон компьютердик системалык блок

8471

-

114

Керектөө касиеттерин жоготкон принтерлер, сканерлер, көп функциялуу түзүлүштөр (КФТ)

8443

-

115

Керектөө касиеттерин жоготкон компьютерге туташтырылган проекторлор

8528

-

116

Тонердин курамы 7% же андан көп болгон иштетилген басып чыгаруучу түзүлүштөрүнүн картридждери

8443 <1>

А1020

117

Тонердин курамы 7 %дан аз болгон иштетилген басып чыгаруучу түзүлүштөрүнүн картридждери

-

 

118

Керектөө касиеттерин жоготкон клавиатура, туташтыргыч зымдары бар "мышка" манипулятору

8517 <1>

А1180 <2>

119

Керектөө касиеттерин жоготкон компьютердик плазма мониторлору

-

-

120

Керектөө касиеттерин жоготкон суюк кристаллдуу чогултулган компьютердик мониторлор

8528 <1>

-

121

Керектөө касиеттерин жоготкон компьютердик электрондук-нурлуу мониторлор

-

-

122

Керектөө касиеттерин жоготкон портативдүү компьютерлер (ноутбуктар)

8471

-

123

Керектөө касиеттерин жоготкон маалыматтык-төлөм терминалы

8470 <1>

-

124

Керектөө касиеттерин жоготкон төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу үчүн электрондук программалык-техникалык түзүлүш (POS-терминал)

-

-

125

Керектөөчү касиеттерин жоготкон банкомат

8472

-

126

Керектөө касиеттерин жоготкон үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары

8504

-

127

Керектөө касиеттерин жоготкон телефон жана факсимилдик аппараттар

8517 <1>

-

128

Керектөө касиеттерин жоготкон уюлдук телефондор

-

-

129

Керектөө касиеттерин жоготкон портативдүү рациялар

8525

-

130

Керектөө касиеттерин жоготкон модемдер

8517

-

131

Керектөө касиеттерин жоготкон тармактык коммутаторлор, концентраторлор

8517 <1>

-

132

Керектөө касиеттерин жоготкон тармактык маршрутизаторлор, коммутаторлор

-

-

133

Керектөө касиеттерин жоготкон тюнерлер, модемдер, серверлер

-

-

134

Керектөө касиеттерин жоготкон кесиптик диктофондор

8519

-

135

Керектөө касиеттерин жоготкон автоматтык коргоо жана видео байкоо системаларынын сенсорлору жана камералары

8525

В4030 <2>

136

Керектөө касиеттерин жоготкон барометрлер

9025

-

137

Керектөө касиеттерин жоготкон электр эсептегичтер

9028

-

138

Литий тионилхлорид тогунун бузулбаган иштетилген химиялык булактары

8507 <1>

А1160 <2>

139

Марганец-цинк щелочтук токтун бузулбаган иштетилген химиялык булактары

-

-

140

Никель-металлгидрид тогунун бузулбаган иштетилген химиялык булактары

-

-

141

Литий-иондук бузулбаган аккумуляторлордун калдыктары

-

-

142

Никель-кадмий бузулбаган иштетилген жалгыз гальваникалык элементтер (батареялар)

-

-

143

Компьютердик бузулбаган иштетилген кислота аккумуляторлору

8549 <1>

-

144

Керектөө касиеттерин жоготкон стационардык коргошун-кислота аккумуляторлору

 

-

145

Электролит менен керектөө касиеттерин жоготкон коргошун-кислота үзгүлтүксүз энергия булактарынын аккумулятордук батареялары

8507 <1>

-

146

Электролитсиз керектөө касиеттерин жоготкон коргошун-кислота үзгүлтүксүз энергия булактарынын аккумулятордук батареялары

8507

-

147

Керектөө касиеттерин жоготкон литий аккумулятордук батареялардын элементтери

8549

-

148

Изоляцияланган зымдардын жана кабелдердин калдыктары

8544 <1>

А1190 <2>

149

Керектөө касиеттерин жоготкон эмалдуу жез зым

-

-

150

Керектөө касиеттерин жоготкон никель менен капталган жез зым

7404

-

151

Керектөө касиеттерин жоготкон поливинилхлоридден жасалган изоляциядагы жез зым

8544 <1>

-

152

Керектөө касиеттерин жоготкон галогенделбеген полимердик материалдардан жасалган изоляциядагы жез зым

-

-

153

Керектөө касиеттерин жоготкон коргошун жез-өзөктүү кабель

-

В1115 <2>

154

Керектөө касиеттерин жоготкон жез-өзөктүү кабель

-

-

155

Электр орнотуу буюмдарынын сыныктары

8536

А1180 <2>

156

Керектөө касиеттерин жоготкон аралашмадагы электр орнотуу буюмдары

8536

-

157

Керектөө касиеттерин жоготкон светодиоддук элементтери бар лампалар

9405

-

158

Керектөө касиеттерин жоготкон озон бузуучу заттарды камтыбаган тиричилик муздаткычтары

8418

-

159

Керектөө касиеттерин жоготкон чаң соргуч

8508

-

160

Керектөө касиеттерин жоготкон кол кургаткыч

8516

-

161

Керектөө касиеттерин жоготкон электр чайнеги

8516 <1>

В 1110 <2>

162

Керектөө касиеттерин жоготкон электр кофе жасоочу

-

-

163

Керектөө касиеттерин жоготкон тиричилик суу жылыткычы

8419

-

164

Керектөө касиеттерин жоготкон жогорку чыңалуудагы электр түтүк жылыткычтары

8516 <1>

-

165

Керектөө касиеттерин жоготкон микротолкундуу меш

-

-

166

Керектөө касиеттерин жоготкон муздатуучу жана жылытуучу суу кулери

8418

-

167

Керектөө касиеттерин жоготкон электр өлчөөчү щит приборлору

8533

-

168

Керектөө касиеттерин жоготкон манометрлер

9026

А1180 <2>

169

Керектөө касиеттерин жоготкон контролдоо-өлчөө приборлору жана автоматика жана алардын бөлүктөрү

9031

-

170

Контролдоо-өлчөө приборлорунун микросхемалары

9030

-

171

Керектөө касиеттерин жоготкон озон бузуучу заттарды камтыбаган тиричилик кондиционерлери

8415 <1>

-

172

Керектөө касиеттерин жоготкон озон бузуучу заттарды камтыбаган тиричилик кондициялоо сплит-системалары

-

-

173

Керектөө касиеттерин жоготкон озон бузуучу заттарды камтыбаган тоңдургуч камералар

8418

-

174

Керектөө касиеттерин жоготкон карбоксиметилцеллюлозанын натрий тузу менен толтурулган өнөр жай суукту сактоочу аккумулятор

8507

-

175

Керектөө касиеттерин жоготкон калькуляторлор

8470 <1>

-

176

Керектөө касиеттерин жоготкон контролдук-кассалык аппарат

-

-

177

Керектөө касиеттерин жоготкон банкноттордун эсептегичтери (ультракызгылт эсептегичтеринен тышкары)

8472

-

178

Керектөө касиеттерин жоготкон кеңселер үчүн көчүрмө машиналар

8443 <1>

-

179

Керектөө касиеттерин жоготкон кеңселер үчүн көчүрмө машиналардын бөлүктөрү

-

-

180

Керектөө касиеттерин жоготкон валюта детекторлору (ультракызгылт детекторунан тышкары)

8472

-

181

Керектөө касиеттерин жоготкон тешиктерди бургулоо жана бекиткичтерди бекемдөө үчүн электр аспаптары

8467 <1>

-

182

Керектөө касиеттерин жоготкон бурчтуу жылмалоо машинасы

-

-

183

Пахта буласынын калдыктары (анын ичинде ийрүү калдыктары жана таралган чийки зат)

5202

В3030 <2>

184

Чийки зат түрүндөгү же иштетилген, бирок ийрилбеген джут буласы жана башка текстиль булалары (зыгыр, кендир жана рамиден тышкары); бул булалардын тарамдары жана калдыктары (анын ичинде ийрилген калдыктар жана таралган чийки заттар)

5303

-

185

Химиялык булалардын калдыктары (анын ичинде тарак менен таралган, ийрилген калдыктар жана таралган чийки заттар)

5505

-

186

Жибек жиптерден же жибек калдыктарынан жасалган кездемелер

5507

-

187

Жаңы же колдонулган кездемелер, жиптин, аркандын, жана тростун кесиндилери жана жиптен, аркандан же тростон, колдонулган текстиль материалдарынан жасалган буюмдар

6310

-

188

Колдонулган майлоочу майлар

2710

А3020

189

Вулканизацияланган резинадан жасалган арматураланбаган түтүктөр жана түтүкчөлөр (катуу резинадан тышкары)

4009

В3040 <2>

190

Трапеция сымал жана/же тилкелүү кесилиштеги вулканизацияланган резинадан жасалган курлар (бельтинг) (анын ичинде клин курлары)

4010

-

191

Вулканизацияланган резинадан (катуу резинадан тышкары) ар кандай багыттагы кийим предметтери жана анын аксессуарлары (анын ичинде мээлейлер, кол каптар, митенкалар)

4015

-

192

Вулканизацияланган резинадан жасалган полго төшөлмөлөр жана маты

4016

-

193

Бардык формадагы катуу резина (мисалы, эбонит), анын ичинде калдыктар жана сыныктар; катуу резинадан жасалган буюмдар (мисалы, эбонит туткасы)

4017

В3040

194

Жыгач кесиндилери же кырындылары түрүндөгү жыгач; жыгач, брикет, гранул же ушул сыяктуу түрдөгү таарындылар жана жыгач калдыктары жана сыныктары, агломерацияланган же агломерацияланбаган

4401

В3050 <2>

195

Керектөө касиеттерин жоготкон паллеталар же поддондор

4415

-

*Эскертүүлөр:

<1> Тизмекке ЕАЭБ ТЭИ ТН товардык позициясына кирген товардык субпозициялардын жана подсубпозициялардын бардык калдыктары киргизилет;

<2> Тизмекке Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын классификациясына ылайык калдыктардын позицияларынын коддору киргизилет;

"-" ЕАЭБ ТЭИ ТН товардык субпозицияларынын жана подсубпозицияларынын окшош калдыктары позицияларына, ошондой эле жогорку сапта көрсөтүлгөн Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын классификациясына кирет.