Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 2/25
2025-жылдын 24-январындагы №2/24 «ЖЧК “NLC” Сокулук кирпич заводу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ЖЧК “NLC” Сокулук кирпич заводунун кайрылуусу менен таанышып чыгып,талкуулап Белек айылынын жашоочуларынын макулдугун эске алып, 2025-жылдын 24-январындагы №2 протоколунун негизинде
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Белек айылынын территориясында жайгашкан ЖЧК “NLC” Сокулук кирпич заводуна 1800,0 кв м жер тилкеси кайра иштетүүгө жана топурак казуу үчүн 5 (беш) жылга уруксат берилсин жана ижара мөөнөтү узартылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Намазалиев К.С. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн
Төрага |
| Э.Б.Ибраимов |