ПостановлениеДействует

Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 36/6-9 «Талас шаарынын Б.Сарногоев көчөсүнүн № 132/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1202 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине кызматтык үй куруу үчүн Талас областтык ички иштер башкармалыгына берүүгө макулдук жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.04.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы

 

2025-жылдын 11-апрели № 36/6-9

 

Талас шаарынын Б.Сарногоев көчөсүнүн № 132/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1202 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине кызматтык үй куруу үчүн Талас областтык ички иштер башкармалыгына берүүгө макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14, 25-беренелерине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 28.03.2025-жылдагы №01-26/47 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарынын Б.Сарногоев көчөсүнүн № 132/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1202 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине кызматтык үй куруу үчүн Талас областтык ички иштер башкармалыгына берүүгө макулдукберилсин.

 

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков.А.О) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков