ПостановлениеДействует

З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 3/1 «2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.03.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 18-марты № 3/1

“2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ”

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2 - жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык,

 

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. З. Кайназарова айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:

1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.

3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.

3. Токтомдун атакарылышына көзөмөлдү З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Б.Ибраимов