ПостановлениеДействует

Постановление Токмокского городского кенеша от «28» февраля 2025 года №24/4-6 «О переводе зональной категории земельного участка, расположенного по адресу: города Токмок улица Лермонтова №10, с зоны «Ц-2» на зону «К-1» с площадью 613 кв.м. и внесении изменений в статью 25 «Правила застройки и земелепользования города Токмок»

Редакцияот 28.02.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ IV СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-февралы №24/4-6

 

Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ц-2” зонасынан “К-1” зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-январындагы кириш №01‑07/18 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 31‑январындагы отурумунун №1 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндө” 25‑беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин  категориясын “Ц-2” (шаардын борбору зонасы) зонасынан “К-1” (коммуналдык чарба, транспорт, кампа жана майда өндүрүш зонасы) зонасына которулсун.”.

2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.К. Исаев