ПриказДействует

Приказ Государственного агентства гражданской авиации при Кабинете Министров КР от 29 декабря 2025 года № 12 «Об утверждении Руководства по медицинскому освидетельствованию авиационного персонала, лиц, поступающих и обучающихся в учебных заведениях гражданской авиации Кыргызской Республики»

Редакцияот 29.12.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ

2025-жылдын 29-декабры № 12

«Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына тапшырышкан жана окуп жаткан жарандарды жана авиациялык персоналды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү боюнча Колдонмону бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Эл аралык жарандык авиация уюмунун Стандарттары жана Сунушталган практикаларына шайкеш келтирүү максатында, жарандык авиациянын персоналын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн тартибин жана мөөнөттүүлүгүн аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 80-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 01 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери «КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү» эрежелерине ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына тапшырышкан жана окуп жаткан жарандарды жана авиациялык персоналды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү боюнча Колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:

- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;

- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларында окуган жана окууга тапшырып жаткан жактарды, борт коштоочуларды, борттук операторлорду, учуучу, диспетчердик курамды, медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп табуу сунушталсын.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновго жүктөлсүн.

 

 

Директор

Д.К. Бостонов