РаспоряжениеДействует

Распоряжение Президента КР от 23 декабря 2025 года № 440 (Об увеличении штатной численности учреждения «Научно-исследовательский институт»Ботанический сад им.Э.Гареева" Национальной академии наук Кыргызской Республики при Президенте Кыргызской Республики)

Редакцияот 23.12.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2025-жылдын 23-декабры № 440

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин ишин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин штаттык санын 65 штаттык бирдикке чейин (алардын ичинен: негизги персонал - 17 штаттык бирдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 48 штаттык бирдик) көбөйтсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесине 24 бирдикке чейин сезондук жумушчуларды тартууга уруксат берсин;

3) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров