Постановление Кабинета Министров КР от 29 января 2026 года № 36 «Об утверждении Положения о порядке заключения, исполнения, приостановления действия и денонсации (прекращения, выхода из) межведомственных международных договоров Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 36
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, колдонулушун
токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 6, 18, 36-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, колдонулушун токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 «Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 638 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 «Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |