ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 15 октября 2025 года № 667 «О введении временного запрета (моратория) на лицензирование образовательной деятельности по подготовке и переподготовке водителей транспортных средств»

Редакцияот 15.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-октябры № 667

Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө

 

Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Лицензияны кайра тариздөөнү, дубликатын берүүнү, токтотуп турууну, кайра жаңылоону, токтотууну жана жокко чыгарууну кошпогондо, 2025-жылдын 20-октябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу (мораторий) мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 20-октябрынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев