ПостановлениеДействует

Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 января 2026 года № 31 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О передаче прав акционера открытого акционерного общества «Государственная Страховая Организация» от 20 июня 2024 года № 325»

Редакцияот 28.01.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 28-январы № 31

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана учурдагы жылдын республикалык бюджетинин чыгымдарын кайра бөлүштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункттун 1-пунктчасында:

– үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

– бешинчи абзацта “1 150 000 000 (бир миллиард жүз элүү миллион)” деген сөздөр “2 650 000 000 (эки миллиард алты жүз элүү миллион)” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев