САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 21-апрели № 01-7/36
Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылынын Токтогул көчөсү №15б дарегинде жайгашкан “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун катоддук коргоо станциясына берилген жер тилкесинин келишимин 5 жылдык мөөнөткө узартуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сокулук айылынын Токтогул көчөсүндө №15б дарегинде жайгашкан “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун катоддук коргоо станциясына берилген жер тилкесинин ижара келишимин акы төлөм киргизүү менен 5 жылдык мөөнөткө узартууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |