Распоряжение Кабинета Министров КР от 31 января 2026 года № 47-р (Об одобрении прилагаемого на государственном и официальном языках проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Федеральным советом Швейцарии о международных автомобильных перевозках пассажиров и грузов автомобильным транспортом)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 31-январы № 47-т
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Швейцариянын Федералдык кеңешинин ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Швейцариянын Федералдык кеңешинин ортосундагы
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташуу жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Швейцариянын Федералдык кеңеши эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобиль ташууларды жана алардын аймактары аркылуу транзитти жеңилдетүүгө ниеттенип төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене Колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуунун жоболору эки Тараптын тең мамлекеттеринин ташуучуларына Тараптардын аймактарынын ортосунда же алардын аймактары аркылуу транзит менен, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө же үчүнчү өлкөлөрдөн жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жүзөгө ашырууга укук берет.
2-берене Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) аймак – ташуучу туруктуу катталган жана транспорт каражаты катталган эки Тараптын биринин мамлекетинин аймагы же ташуучу өз ишин ошол жерде уюмдаштырбаган жана өзүнүн транспорт каражатын ошол жерде каттоодон өткөрбөгөн Тараптардын Мамлекеттеринин биринин аймагы;
2) транспорт – бош же жүктөлгөн транспорт каражатын эксплуатациялоо;
3) ташуучу – Тараптардын каалаган мамлекетинин аймагында туруктуу жайгашкан жана ошол Тараптын мамлекетинин тиешелүү улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу каалагандай жеке же юридикалык жак;
4) транспорт каражаты:
а) жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда – автобус, башкача айтканда жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочулук орунду кошкондо тогуздан ашык жүргүнчү оруну бар жана Тараптардын биринин аймагында катталган механикалык транспорт каражаты;
б) жүк ташуу учурунда – жүк ташуучу автомобиль, чиркегичи менен жүк ташыгыч, отургузма тарткыч же чиркегичи менен отургузма тарткыч, башкача айтканда жүк ташуу үчүн арналган жана Тараптардын биринин аймагында катталган моторлоштурулган транспорт каражаты. Эгерде ташуулар ар кайсы өлкөдө катталган бирдиктерден турган транспорт каражаттарынын курамы менен ишке ашырылса, анда транспорт каражаттарынын курамына карата, эгерде ушул тарткыч эки Тараптын мамлекеттеринин биринде катталган учурда гана ушул Макулдашуунун жоболору колдонулат;
5) жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу – кыймылдын графигин, ташуунун баштапкы, акыркы жана орто аралык пункттарын, жүргүнчүлөр орун алган жана чыккан токтоочу пункттарын көрсөтүү менен алдын ала макулдашылган маршрут боюнча автотранспорт каражаттарын колдонуу менен ташуучулар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу;
6) жүргүнчүлөрдү бир жолку ташуу – жүргүнчүлөрдү туруктуу эмес мүнөздөгү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү. Каттамдардын жыштыгы же саны жүргүнчүлөрдү бир жолку ташуу катары классификациялоого таасирин тийгизбейт;
7) уруксат – Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык аймактар аркылуу кирүү/чыгуу жана транзит үчүн автотранспорт каражатынын өтүүсүнө уруксат берген документ;
8) транзиттик ташуу – жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү Тараптардын биринин аймагы аркылуу ташуу, мында чыгуу жана келүү пункттары ошол мамлекеттин аймагынан тышкары жайгашкан болот.
3- берене
Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу
1. Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосундагы алдын ала макулдашуу боюнча уюштурулат. Тараптардын биринин мамлекетинин ташуучусу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынан уруксат алгандан кийин экинчи Тараптын аймагында үзгүлтүксүз транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү же үзгүлтүксүз транзиттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырат. Уруксат өз ара мамиленин негизинде берилет.
2. Төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылуучу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн уруксат талап кылынбайт:
– транзиттин жүрүшүндө жашап туруу же экинчи Тараптын аймагына трансфер;
– барып-келүүчү рейстерге байланыштуу транспорт каражаттарынын бош каттамдары.
4- берене Жүргүнчүлөрдү туруктуу эмес ташуу
1. Ушул берененин 3, 4 жана 5-пункттарында каралган ташуулардан тышкары эки мамлекеттин ортосунда жүргүнчүлөрдү бир жолку ташуу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан берилген уруксат талап кылынат.
2. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары маршруттун өз мамлекеттеринин аймагы менен өткөн бөлүгүнө уруксат берет.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн уруксаттар, мамлекеттердин ортосунда автобус менен жүргүнчүлөрдү бир жолку ташуу үчүн төмөнкү учурларда талап кылынбайт, мында бир эле курамдын жүргүнчүлөр тобу бүткүл сапар бою бир эле транспорт каражаты менен жүргөн болот, аларда:
а) сапар транспорт каражаты катталган Тараптын аймагында башталат жана аяктайт (жабык эшик түрүндөгү турлар);
б) сапар транспорт каражаты катталган Тараптын аймагында башталат жана экинчи Тараптын аймагында аяктайт, мында транспорт каражаты ошол аймактан бош чыгып кеткен же транспорт каражаты жүргүнчүлөр келгенге чейин түзүлгөн ташуу келишимине ылайык топтолгон жүргүнчүлөрдүн буга чейин жеткирилген тобун алып кетүү үчүн экинчи Тараптын мамлекетине бош чыгып кеткен шарт сакталышы керек;
в) жүргүнчүлөргө экинчи Тараптын аймагына баруу сунушталган, транспорттук чыгымдарды кабыл алуучу тарап төлөгөн. Жүргүнчүлөр сапарга чыгуу максатында гана түзүлбөгөн бир тектүү топту түзүшү керек.
4. Экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзиттик рейстер үчүн уруксаттар талап кылынбайт.
5. Бузулган транспорт каражатын башка транспорт каражатына алмаштырган учурда бир жолку ташууга уруксат талап кылынбайт.
6. Ушул берененин 3, 4 жана 5-пункттарында каралган ташууну жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен макулдашылган жана компетенттүү органдардын талабы боюнча берилүүчү атайын формада таризделген жол баракчасын жана жүргүнчүлөрдүн тизмесин алып жүрүүгө тийиш.
5-берене
Жүктөрдү ташууга уруксат
1. Тараптардын биринин ташуучусу төмөнкү транспорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн экинчи Тараптын аймагына бош же жүктөлгөн транспорт каражатын уруксатсыз убактылуу алып кирүүгө укуктуу:
а) бир Тараптын аймагындагы каалаган пункт менен экинчи Тараптын аймагындагы каалаган пункттун ортосунда;
б) экинчи Тараптын аймагынан үчүнчү өлкөнүн багытында чыгып кетүүдө же үчүнчү өлкөдөн экинчи Тараптын аймагына барууда;
в) экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзит менен өтүүдө.
6- берене
Ички ташууларга (каботажга) тыюу салуу
Бир Тараптын аймагында ыйгарым укуктуу ташуучуга ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык экинчи Тараптын аймагындагы пункттан отургузуу же ошол аймактагы каалаган башка пунктка жеткирүү үчүн жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү алып кетүүгө уруксат берилбейт.
7- берене
Кооптуу жана тез бузулуучу жүктөрдү ташуу
Эки Тараптын аймактарынын ортосунда, алардын аймактары аркылуу транзит менен, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө же үчүнчү өлкөлөрдөн кооптуу жана тез бузулуучу жүктөрдү ташуу Тараптардын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында белгиленген шарттарда жүзөгө ашырылат.
8-берене Салмак жана өлчөмдөр
1. Тараптардын биринин мамлекетинин жүк ташуучу автомобилдеринин же автопоезддеринин жана (же) автобустарынын габариттери, жалпы массасы, огуна туура келүүчү жүктөрү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында белгиленген ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын аймагында катталган транспорт каражаттарына өзүнүн аймагында катталган транспорт каражаттарына караганда көбүрөөк чектөөчү шарттарды белгилебөөгө милдеттенет.
2. Эгерде жол транспорт каражатынын габариттери, жалпы массасы же огуна туура келүүчү жүк экинчи Тараптын аймагында белгиленген ченемдерден (бөлүнбөс, оор жана габариттүү эмес) ашса, ташуучу экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан атайын уруксат алууга тийиш. Эгерде мындай уруксатта транспорт каражатынын белгилүү бир маршрут менен жүрүүсү каралган болсо, анда ташууга ушул маршрут боюнча гана уруксат берилет. Өндүрүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кепилдик салмак ашырылбашы керек.
9- берене
Салык салуу жана жыйымдар
Ушул Макулдашууга ылайык жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана басмырлоо көрсөтүлбөгөн негизде күйүүчү майга салыктардан же жыйымдардан, ошондой эле жолдорду же айрым көпүрөлөрдү жана туннелдерди пайдалануу үчүн атайын жыйымдардан тышкары, экинчи Тараптын аймагында транспорт каражаттарына ээлик кылуу жана аларды эксплуатациялоо үчүн алынуучу салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
10-берене
Бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу
Ушул Макулдашуунун негизинде ташууларды жүзөгө ашырууда эки Тараптын эл аралык милдеттенмелерине ылайык экинчи Тараптын аймагына товарларды ташып киргизүүнүн төмөнкү учурлары бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат:
а) кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин колдонуудагы улуттук мыйзамдарында каралган өлчөмдө убактылуу ташып келинген автотранспорт каражатынын кыймылдаткычын азыктандыруу системасы менен технологиялык жана конструкциялык байланышкан сыйымдуулуктагы күйүүчү май;
б) ташуу учурунда керектөө үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү майлоочу материалдар; же
в) эл аралык ташуу учурунда бузулуп калган конкреттүү автотранспорт каражатын оңдоо үчүн зарыл болгон убактылуу ташып киргизилүүчү запастык бөлүктөр жана шаймандар. Буга импортко тыюу салбастан же чектебестен уруксат берилиши керек. Алмаштырылган бөлүктөргө бажы алымдары төлөнөт жана бажы органдарынын контролу менен кайра экспорттолууга же жок кылынууга тийиш. Колдонулбаган запастык бөлүктөр жана шаймандар тиешелүү Тараптын мамлекетинен кайра экспорттолууга тийиш.
11- берене
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын колдонуу
1. Ушул Макулдашуу же эки мамлекет тең катышуучу болгон башка эл аралык макулдашуулар же келишимдер менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча Тараптардын биринин мамлекетинин ташуучулары жана транспорт каражаттарынын айдоочулары, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу өтүүдө анын улуттук мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү, аталган мамлекет аны басмырлоо көрсөтүлбөгөн негизде колдонот.
2. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болгон транзиттик ташууларга чектөөлөрдү жокко чыгарбайт.
12-берене
Эл аралыкмилдеттенмелер
Бул Макулдашуу Тараптардын башка эл аралык макулдашуулардан же алардын мамлекеттери катышкан келишимдерден келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
13-берене Бузуулар
1. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ташуучулар тарабынан ушул Макулдашуунун жоболорунун аткарылышын контролдойт.
2. Тараптардын биринин мамлекетинин ташуучусу же айдоочусу тарабынан ушул Макулдашуунун же кыймыл жана транспорт жөнүндө мыйзамдардын жоболорун экинчи Тараптын аймагында жүргөн мезгилде бузган учурда, транспорт каражаты катталган Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары бузуу орун алган аймактагы Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын талабы боюнча төмөнкүдөй чараларды көрөт:
а) тиешелүү ташуучуга же айдоочуга эскертүү берет;
б) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча бузуу орун алган аймактагы Тараптын аймагында транспорттук операцияларды жүргүзүүгө уруксатты убактылуу же биротоло жокко чыгарууга буйрук берет.
3. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна ылайык көрүлгөн бардык аракеттер жөнүндө бири бирине маалымдайт.
4. Ушул берененин жоболору бузуу орун алган аймактагы Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык соттор же укук коргоо органдары тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон кандайдыр бир санкцияларга зыян келтирбейт.
14- берене
Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн дайындалган компетенттүү органдар төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Республикасы үчүн: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Швейцария үчүн: Швейцариянын Айлана-чөйрө,транспорт,энергетика жана коммуникациялар федералдык департаменти.
15- берене Биргелешкен комитет
1. Ушул Макулдашууну жүзөгө ашырууга же колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон маселелерди чечүү үчүн эки Тараптын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комитет түзүлөт.
2. Биргелешкен комитет зарылдыгына жараша, Тараптардын биринин талабы боюнча кезеги менен Тараптардын биринин аймагында чогулат.
3. Биргелешкен комитет ушул Макулдашуунун беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлорун аларды бекитүү боюнча сунуштар менен бирге иштеп чыгууга укуктуу.
4. Тараптар өз өкүлдөрүнүн биргелешкен комитеттердин жыйналыштарына катышуусуна байланыштуу чыгымдардын жана чыгашалардын ордун толтурат.
16- берене
Макулдашуунун Лихтенштейн Княздыгына карата колдонулушу
Лихтенштейн Княздыгынын расмий өтүнүчүнө ылайык Макулдашуунун жоболору Швейцария менен бажы келишими күчүндө турган убакытка чейин көрсөтүлгөн өлкөгө карата колдонулат.
17- берене Күчүнө кириши
Бул Макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгы жөнүндө Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзүнчө протокол менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул берененин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар кандай болбосун талаш-тартыштарды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө умтулат.
18-берене
Колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Каалаган Тарап экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жиберүү менен ушул Макулдашууну бузууга укуктуу.
Мындай токтотуу экинчи Тараптын билдирүү алган күндөн алты (6) ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
20 -жылдын “ ” шаарында
кыргыз, орус, немис жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
| Швейцариянын Федералдык кеңеши |