ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 9 февраля 2026 года № 71 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О создании государственного предприятия «Кыргызтранснефтегаз» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики» от 7 июня 2022 года № 300»

Редакцияот 09.02.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 9-февралы № 71

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын уставында:

33-пунктта «Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча» деген сөздөр «мамлекеттик башкаруу органынын сунуштамасы боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев