ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 29 января 2026 года № 108-VIII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Протокола о внесении изменений в Марракешское соглашение об учреждении Всемирной торговой организации (Соглашение по субсидиям в области рыболовства), принятого на Двенадцатой сессии Министерской конференции Всемирной торговой организации 17 июня 2022 года в городе Женева"

Редакцияот 29.01.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2026-жылдын 29-январы № 108-VIII

"Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 18-декабрындагы чыг. № 18-13630) "Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган Мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

К.Л. Ханджеза