Указ Президента КР от 31 декабря 2025 года № 388 «О неотложных мерах по повышению эффективности организации технического осмотра транспортных средств»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 31-декабры № 388
Транспорт каражаттарын техникалык кароону уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 22 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жол коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекеттик контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү, баалардын туруктуулугуна жетишүү жана сактоо, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик контролдоо системасын борборлоштурууну, апробациялоону жана өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборду аталган чөйрөдөгү мамлекеттик оператор кылып аныктоо менен 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин баалардын туруктуулугуна жетишүү жана сактоо тартибин, ошондой эле транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 22 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан контролдоо органдарына/лабораторияларга мурда берилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүүгө аккредитациялоо аттестаттары 2026-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борбору убактылуу укуктук жөнгө салуу колдонулган мезгилге контролдоо органдарына/лабораторияларга берилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүүгө аккредитациялоо аттестаттарынын жарактуулук мөөнөттөрүн узартууну жана берүүнү токтотсун.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режиминин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүп турсун;
2) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына убактылуу укуктук жөнгө салуунун жүргүзүлгөн апробациялык режиминин натыйжаларына негизделген тиешелүү сунуштарды киргизсин;
3) белгиленген талаптарга жана стандарттарга ылайык республиканын аймагында транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча пункттардын тармагын ачуу боюнча ишти уюштурсун;
4) пункттарды заманбап диагностикалык жабдуулар менен жабдууну жана квалификациялуу адистерди даярдоону камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана башка кызыкдар органдар менен биргеликте ушул Жарлыкта каралган иш-чараларды каржылоо булактарын аныктасын;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен биргеликте транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча пункттарды курууга жер тилкелерин бөлүү маселесин чечсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 22 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Ушул Жарлыктын 2, 3-пункттарынын жоболору "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго карата колдонулбайт деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 22 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |