ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Нарзанского айылного аймака от 4 февраля 2026 года № 03 «Об утверждении программы социально- экономического развития Нарзанского айылного аймака на 2026 год»

Редакцияот 04.02.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 04-февралы № 03

 

2026-жылга Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылды:

1. Нарзан айыл аймагынын 2026-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (№1 тиркемеге ылайык) бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1 тиркемеси)

2. Нарзан айыл өкмөтү:

- Нарзан айыл аймагын 2026-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышын камсыз кылсын;

- 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Программанын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө Нарзан айылдык кеңешине отчет берсин.

3. Ушул токтом тиркемеси менен Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Жооптуу катчы ушул токтомду каттап, анын көчүрмөсүн тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын у.м.а

 

А.Т. Урманбетов