ПостановлениеДействует

Постановление Ак-Кудукского айылного кенеша от 7 февраля 2025 года № 20/V-29 «О продаже земельных участков находящихся в муниципальной собственности»

Редакцияот 07.02.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-февралы № 20/V-29

Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Алиев О.М. "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун тоорукка коюу жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесинин п.1-2-пункттарына ылайык жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелеринин негизинде айылдык аймактын жашоочулары үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Муниципалдык менчикте турган төмөнкү жер участоктору сатылсын:

-Кировскоеа, Мичурин көчөсү №1 Г , аянты – 300,00м2

- Кировскоеа, Гагарин көчөсү №1 А, аянты– 213,50 м2

- Котовское а, Школьная көчөсү №15 А, аянты – 500.00 м2

 

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg. сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер ,турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Дж.Маванкуй