К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 31 «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 31
Принят
3 февраля 2025 года
Издал
Айылный кенеш Чон-Алышского айылного аймака Таласского района

Регистрация и публикация

Регистрация
№ 668 · 29 мая 2025 года
Публикация
chon-alysh.org.kg · 14 февраля 2025 года
В реестре с
29 мая 2025 года

В реестре

Код Минюста
230040542

Официальная страница Минюста

Категория

ЗемляТрансформация (перевод) земель

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 03.02.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

3-кеңешмеси

 

2025-жылдын 3-февралы № 31

 

Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

Чон-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын тургуну Сырдыбаев Теңдик Нуржановичтин кошар жана чабан үй куруу боюнча жазган арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын аткаруу багытында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” жобону жетекчиликке алып, мурдагы Кара-Суу айыл аймактык Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №27 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү максатында Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мурдагы Кара-Суу айыл аймактык Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №27 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.

 

2. Чоң-Алыш айыл аймагынын административдик чегиндеги № 1770 - чөйрө сызыгындагы “Жоош” участогунан жалпы 0,10 га жер аянтын “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

3. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 6-пункттуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

 

4. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарды толуктоо, Талас райондук жер комиссиясына сунуш даярдоо Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т. Бейшеналиев

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.