Постановление Кабинета Министров КР от 10 февраля 2026 № 83 «О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики «О составе летного экипажа гражданских воздушных судов Кыргызской Республики» от 22 декабря 2022 года № 710
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 83
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы
№ 710 «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Жарандык авиация жаатындагы ишти жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |