ПостановлениеДействует

Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2 «Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Редакцияот 27.11.2024
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Буура айылдык кеңештин биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 2

 

Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Кара-Буура айылдык кеңешинин Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.

 

2. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын 1-орун басары болуп Авасбеков Сыргак Болотбекович, 2-орун басары болуп Абдыкарова Ботогоз Сапаркуловна шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.

 

 

 

 

Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча

Эсептөө комиссиясынын №3/1 -протоколу

 

27-ноябрь 2024-жыл

 

Кызыл-Адыр айылы

 

Катышышты:

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Л.Шамбетова

Эсептөө комиссиясынын катчысы: Л.Өскөналиева

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: У.Мирланов

 

Күн тартиби:

1. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы Л.Шамбетова күн тартиби, Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:

 

Төраганын биринчи орун басарына

 

1. С.Авасбеков

2. К.Барпиева

3. Л.Өскөналиева

Төраганын экинчи орун басарына

1. Б.Абдыкарова

2. Г.Бакеева

 

Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:

1. Кара-Буура айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 31 (отуз бир)

2. Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны -31 (отуз бир)

3. Добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны – 30 (отуз)

4. Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны – 30 (отуз

5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны – 1 (бир)

6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны – 30 (отуз)

7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны -30 (отуз)

8. Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны –

 

Төраганын биринчи орун басарына талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны

 

1. С.Авасбеков – 13( он үч)

2. К.Барпиева -9 ( тогуз)

3. Л.Өскөналиева-8 (сегиз)

 

Төраганын экинчи орун басарына талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны

 

1. Б.Абдыкарова- 17 ( он жети)

2. Г.Бакеева – 13 (он үч)

 

Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басары  кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы

 

Чечти:

 

1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын 1- орун басары С.Авасбеков, 2- орун басары Б.Абдыкарова болуп шайлангандыгы таанылсын.

2. Бул протокол Кара-Буура айылдык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

 

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы

 

Л.Шамбетова

 

 

 

Эсептөө комиссиясынын катчысы

 

Л.Өскөналиева