Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-апрелиндеги № 85/ХXIV-28
Логвиненко айыл аймагынын аймагынан таштанды чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө
Жашоочулардын чогулушунун протоколун жана “Норус” муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн катын карап чыгып, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 11 пунктуна ылайык талкуулап, пикир алмашып,
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын элинен таштандыларды чыгаруу тарифи:
-- ар бир адамга 50 сомдон бекитилсин.
-- дачалык кооперативдердежашаган учурда ар бир адамга 50 сомдон бекитилсин.
-- коммерциялык объекттердин 1 чарчы метирден 50 чарчы метирге чейин -- 500 сом, 50 чарчы метирден 100 чарчы метирге чейин -- 1000 сом бекитилсин.
2. «Норус» муниципалдык ишканасынын директору Новопокровка айылынын жана Чоң-Дала айылынын тургундары менен келишим түзсүн.
3. Социалдык жактан коргоонун тизмелери боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясы бекитилсин (жалгыз пенсионерлер, майыптар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр). Бул категория үчүн бекитилген тарифтин 50% өлчөмүндө тариф бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы А.А. Асанбековго жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |