ПостановлениеДействует

Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 48/7-9 «Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга макулдук жөнүндө» токтому

Редакция
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

 

2025-жылдын 2-июлу № 48/7-9

 

Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 26.06.2025-жылдагы №01-19/2142 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.

 

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков