ПостановлениеДействует

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2025-жылдын 18-июлундагы № 97 «Каракол жайлоосуна кетүүчү жолдогу көпүрөлөрдү оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.07.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VII- сессиясы

 

2025-жылдын 18-июлу № 97

 

Каракол жайлоосуна кетүүчү жолдогу көпүрөлөрдү оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Каракол жайлоосуна кетүүчү жолдогу көпүрөлөрдү оңдоо жөнүндөгү айыл тургундарынын арыз даттанууларын карап жана талккулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каракол жайлоосуна кетүүчү жолдогу көпүрөлөрдү оңдоо үчүн керектелүүчү 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты Көпүрө-Базар айылына ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандырууга керектүү жабдууларды сатып алууга (Каракол айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 30 токтому) бөлүнгөн акча каражаты эсебинен бөлүнсүн.

 

2. Бөлүнгөн акча каражаттарынын орду бюжеттин аткарылышынын 9 айлык жыйынтыгы менен кайра толукталсын.

 

3. Токтомдун  аткарылышы Каракол  айыл  өкмөтүнүн башчысынан  суралсын.

 

 

Төрайым

 

Э. Тилекова