ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 февраля 2026 года № 194-VIII «О формировании счетной комиссии для проведения тайного голосования с использованием бюллетеней по избранию заместителя Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики и заместителя председателя Комитета по промышленной политике, транспорту, топливно-энергетическому комплексу, архитектуре и строительству»

Редакцияот 19.02.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-февралы № 194-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт,отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

А.А. Джалилов – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан; 

И.Э. Жороев – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан; 

У. Карыбек уулу – “Элдик” депутаттык тобунан;

Ж.А. Эгенбердиева – “Ата-Журт” депутаттык тобунан;

Б.А. Эргешов – “Мекенчил – Ынтымак” депутаттык тобунан.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев