Редакцияот 02.09.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык   Кеңешинин кезексиз

7- отурумунун

 

2025-жылдын 2-сентябры № 7/66

 

Жер тилкесинин максаттык  багытын өзгөртүү  жөнүндө

 

 

    Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Шалта айылынын Шукуралиева №44Б көчөсүндө  жайгашкан, муниципалдык  менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-1004-0179, аянты 1476,3кв.м. жер тилкесинин  максаттык багытын “Мектеп алдындагы жер тилкесинен” – “Мечит астындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүү  жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин кайрылуусун карап чыгып,  Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Шалта айылынын Шукуралиева №44Б көчөсүндө  жайгашкан, муниципалдык  менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-1004-0179, аянты 1476,3кв.м. жер тилкесинин 1-бөлүгүнүн   максаттык багытын “Мектеп алдындагы жер тилкесинен” – “Окуу борбору “Маданий борбору”, мечит астындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүүгө  макулдук берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;

3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Айылдык

кенештин төрагасы                                              Ж.Ж. Султанбеков