ПостановлениеДействует

Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 93/11-9 «Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүнүн №209 дарегинде жайгашкан 673,0 чарчы метр жер тилкесин Ж-2 аймагынан Ц-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.12.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 24-декабры № 93/11-9

 

Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүнүн №209 дарегинде жайгашкан 673,0 чарчы метр жер тилкесин Ж-2 аймагынан Ц-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 07.11.2025-жылдагы №01-19/4366 сандуу катынын жана Талас шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын корутундусунун, Талас шаарынын мэриясынын 17.11.2025-жылдагы коомдук угуу өткөрүү боюнча чогулушунун протоколунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүнүн №209 дарегинде жайгашкан 673,0 чарчы метр жер тилкесин Ж-2 аймагынан Ц-1 аймагына которууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев У.К.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков