ПостановлениеДействует

Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 96 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 сандуу Жарлыгын аткаруу жөнүндө" токтому

Редакцияот 08.10.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 8-октябры № 96

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 сандуу Жарлыгын аткаруу жөнүндө”.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 сандуу Жарлыгын аткаруу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Биримдик айылдык Кеңешинин II чакырылышынын XVII-кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 сандуу “Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 сандуу Жарлыгы аткарууга алынсын.

 

2. Биримдик айыл аймагында кезектеги IV Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)

 

3. Биримдик айыл аймагында кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууга жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү боюнча комитеттин (мындан ары-жумушчу топ) курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Биримдик айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары өткөрүү участкалары жана өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүү графиги №3, №4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

 

5. Биримдик айыл аймагында өкүлчүлүктү жыйын 2025-жылдын 1-ноябрда саат 10.00 до Ак-Дөбө айылынын маданият үйүндө өткөрүлсүн.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Т.А.Бечелов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2025 – жылдын 8-

октябрындагы №96-токтомуна

№ 1 -тиркеме

 

Биримдик айыл аймагында IV Элдик Курултайды делегаттарды шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чара планы.

 

№

Иш чаралардын мазмуну

Аткарууга жооптуу

Мөөнөтү

Эскертме

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- августундагы “ Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгы менен кабыл алынган убактылуу Жобонун ченемдери тууралуу калк арасында маалыматтык өнөктүктөрүн уюштуруу

Биримдик айыл өкмөтү

Октябрь-ноябрь

 

2.

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүнү уюштурууда материалдык-техникалык базалар менен камсыздоого көмөктөшүү.

Биримдик айыл өкмөтү

Октябрь-ноябрь

 

3.

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүдө катышуучулардын коопсуздугун сактоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу.

Бакай-Ата РИИБ

Октябрь-ноябрь

 

4.

Элдик Курултай жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жүрүшүн кеңири чагылдырып, атайын рубрикаларды уюштуруу.

 

 

 

 

5.

Атайын түзүлгөн графиктин негизинде жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу.

Биридик айыл өкмөтү

Графиктин негизинде

 

 

 

Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

 

Т.Момунтаев

 

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2025 - жылдын

8-октябрь №96-токтомуна

№2- тиркеме

 

IV Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууга жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү боюнча Биримдик айыл аймагынын жумушчу топтун курамы.

 

1.1. Т.Бечелов

 

- Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңештин

төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

1.2. Т.Момунтаев

 

- Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу

катчысы, төраганын орун басары;

1.3 К.Шерматов

 

- Биримдик айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу

катчысы;

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

1.4 Н.Аманов

 

 

- Биримдик айыл өкмөтүнүн башкы адиси;

1.5. Н.Узекеев

 

 

- Биримдик айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси;

1.6. Р.Кенесариева

 

 

- Биримдик айылөкмөтүнүн башкы адиси;

1.7. Э.Итикулов

 

 

- Өзгөрүш айылынын айыл башчысы;

1.8. Жузумамбет уулу Н

 

 

- Кең-Арал айылынын айыл башчысы;

1.9. А.Муктарова

 

 

- Биримдик айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адис;

1.10. А.Кочоркулов

 

 

- Биримдик айылдык кеңешинин депутаты;

1.11. Н.Абдыбеков

 

 

Биримдик айылдык кеңешинин депутаты;

 

 

Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

 

Т.Момунтаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2025 - жылдын

8-октябрь №96-токтомуна

№ 3- тиркеме

 

Биримдик айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жана өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги.

 

№

Жааматтар (делегаттарды шайлоо)

Аткарууга жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

.

 

 

 

1.

Ак-Дөбө,

Кызыл-Сай,

Кызыл-Чарба

айылдары

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы

IVЭлдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2025-жылдын

20-октябрь

саат 14-00 до

Ак-Дөбө айылы

маданият үйү

2.

Өзгөрүш айылы

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы

IV Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2025-жылдын

21-октябрь

саат 14.00до

У.Акынбеков

орто мектеби

3.

Кең-Арал

айылы

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы

IV Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2025-жылдын

22-октябрь

саат 14.00до

Кең-Арал айылы

маданият үйү

4.

Өкүлчүлүктүү

жыйын

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы

IV Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2025-жылдын

1-ноябрь

саат 10.00до

Ак-Дөбө айылы

маданият үйүнүн

жыйындар залында.

 

 

Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

 

Т.Момунтаев

 

 

 

 

 

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2025 - жылдын

8-октябрь №96-токтомуна

№ 4- тиркеме

 

Биримдик айыл аймагында өтүүчү жергиликтүү коомдоштуктардын курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айылдардын тургундары менен өтүүчү жыйындардын графиги

 

№

Биримдик айыл өкмөтү

Калкынын саны 17

Делегаттардын саны 80 адам

Өтүүчү орду

Өткөрүү күнү, сааты

Айыл өкмөтүнүн жооптуулар

Байланыш телефону

1

Ак-Дөбө айылы

7211

33

Маданият

үйү

20.10.2025-ж

Саат 14-00

Узекеев Н.

0507269898

 

3.

Өзгөрүш айылы

6180

29

У.Акынбеков мектеби

21.10.2025-ж

Саат 14-00

Итикулов Э.

0500723474

4.

Кең-Арал айылы

3855

18

Маданият үйү

22.10.2025-ж

Саат 14-00

Жүзүмамбет уулу Н

0997678937

 

 

Биримдик айылдык кеңешинин катчысы:

 

Т.Момунтаев