ПостановлениеДействует

Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 125 «Биримдик айыл аймагындагы Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсүндөгү мыйзам бузуу жолу менен каттаган транспорттун каттоо багыты жөнүндө» токтому

Редакцияот 15.12.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 15-декабры № 125

 

Биримдик айыл аймагындагы Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсүндөгү мыйзам бузуу жолу менен каттаган транспорттун каттоо багыты жөнүндө.

 

Биримдик айыл аймагындагы Ак-Дөбө айылынын тургуну М.Э.Джанчыкуловдун Биримдик айыл аймагынын Ак-Дөбө айылынан Айдар көчөсүнөн өткөн мамлекеттик автотранспорт Талас-Тараз жолунан каттаган авто транспорттор каттамдык багыты Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсү аркылуу макулдашуу келишими тактоо учурунда жоктугу аныкталып, каттап жатканы жөнүндө маалыматын угуп талкуулап,Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кырыгыз Республикасынын Конститутциясынын 111жана 114-беренелери, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 27-беренеси жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 1-3-беренелерине ылайык, Талас-Тараз жолунун транспорт каттоо маршруту, Ак-Дөбө айылында мыйзамсыз өзгөртүлгөндүгү аныкталып, Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсү аркылуу транспорт каттамы токтотулсун.

 

2. Ак-Дөбө айылындагы Талас-Тараз жолунун транспорт каттоо өзгөртүлгөн маршрутун калыбына келтирүү жана тиешелүү органдарга кайрылуу жана мыйзам бузууну четтетүү жагы айыл өкмөт башчысына жана демилгелүү топко дайындалсын.

 

3. Ак-Дөбө айылынын Талас көчөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо үчүн демилгелүү топ түзүлсүн.

 

4. Демилгелүү топтун курамына жергиликтүү жарандардан:

Джанчыкулов Максат Эсенбекович

Упенов Ильяс Шерипбекович

Жергиликтүү кеңештин депутаты Турдукулов Азат Темирбековичтер дайындалсын.

 

5. Токтомдун аткаруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Т.А.Бечелов