ПостановлениеДействует

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 101 «Бала бакчаларда тамак-ашка төлөмдүн өлчөмүн бекитүү» токтому

Редакцияот 18.12.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 29 чакырылышынын кезектеги отуруму

 

 

2025-жылдын 18-декабры № 101

 

Бала бакчаларда тамак-ашкатөлөмдүн өлчөмүн бекитүү

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 бер. ылайык, кеңештин кароосуна берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.2026-жылдын 12-январынан баштап Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан “Акбермет”, “Бекбол” жана “Жаңы кадам” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучу балдарынын күнүмдүк тамак-ашына ата-энелик төлөм бир күнүнө 100 (жүз) сомдон бекитилсин.

2. Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 25 “Бала бакчалардагы тамак-аш төлөмүн бекитүү туралуу” токтому жокко чыгарылсын.

3. Тамак-ашка болгон төлөм ар бир айдын 10-чу күнүнөн кечиктирилбей жүргүзүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Сагындык уулу К.