ПостановлениеДействует

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270»Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө«Жарлыгын аткаруу жөнүңдө» токтому

Редакцияот 14.10.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 14-октябры № 1

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 ”Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жөнүңдө

 

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 33-чакырылышынын кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү маалыматтарды угуп, талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгы аткарууга алынсын.

 

2. 2025-жылдын 22-23-декабрларында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Кезектеги IV Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.

 

3. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн, биринчи этап-жарандар-дын жыйындары, экинчи этап- жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы 1-тиркемеге, уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2- тиркемеге, жыйындарды өткөрүү графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн экинчи этап-жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын 2025-жылдын 1-ноябрында Кызыл-Октябрь айылында клубда өткөрүлсүн, делегаттардын саны 80 адам деп белгиленсин. Акназаров айыл аймагынан IV Элдик Курултайга 2 делегат шайлансын.

 

5. Ушул токтом менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календардык планына жараша өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын орун басары

 

Р.Кожоматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме №1

2025-жылдын 14-октябрын-

дагы №1 токтому менен

бекитилген

 

Акназаров айыл аймагында жарандардын жыйынын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын уюштуруу, өткөрүү жана Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы

№

Иш чаралар

Өткөрүү убактысы

Жооптуулар

Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын жер-жерлерден шайлоо

1.

Жергиликтүү кеңеш тарабынан кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү

- алардан датасын, убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо;

- жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын катышуучу өкүлдөрдүн санын квотага ылайык бекитүү;

-жыйындарды

/чогулуштарды өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө токтомду сессияда кабыл алуу;

2025-жылдын 15-

октябрына чейин

Жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү

2.

Жарандардын жыйындарын, жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту түзүү

(курамы 5-11 адам)

2025-жылдын 14-октябры .

Айылдык кеңеш, айыл өкмөт, коомдук уюмдар.

3.

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын /чогулуштарын өткөрүү-2 күн

2025-жылдын

21-22-октябры

.

Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйындарын,жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ, айыл өкмөтү координациялайт.

4.

Жергиликтүү кеңешке жарандардын жыйындарынын протоколдору жана делегаттардын тизмесин жалпылоо

2025-жылдын 28-октябрына чейин.

Жарандардын жыйындарын, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ

5.

Кезектеги IV Элдик курултайды н делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына тизме, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат, жыйындын күн тартибин даярдоо жана жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына өткөрүү

2025-жылдын 30-октябрына чейин

 

 

 

 

 

 

 

2025-жылдын

1-ноябры (ишемби)

Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйындарын, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ

6.

Кезектеги IV Элдик Курултайда көтөрүлүүчү

үчтөн көп эмес маселелерди аныктоо жана протоколго киргизүү.

2025-жылдын 1-ноябры

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ

7.

 

 

 

 

 

 

 

Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарынын тизмелерин  шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкетаны, пас-порт көчурмөлөрүн жана сүрөт-төрдү (3*4 кызыл фондо 2 даана) Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине жөнөтүү.

2025-жылдын 3-ноябрына чейин

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

Маалыматтык камсыз кылуу

8.

Жарандардын жыйындарын жана чогулуштарды өткөрүү убактысы, орду жана күн тартиби жөнүндө жергиликтүү кооомдоштук-тардын мүчөлөрүнө жарыя кылуу.

2025-жылдын

21-октябрына чейин

Жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топ

9.

Айыл аймагы боюнча жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүүнүн графигин, убакты сын, ордун жарыялоо.

2025-жылдын

1-ноябрына чейин

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме №2

2025-жылдын 14-октябрын-

дагы №1 токтому менен

бекитилген

 

Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.

 

1.1. А.Коккозов – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

 

1.2. С.Шабданова - айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

 

1.3. Абтандил у.Нурадил -айылдык кеңештин депутаты;

 

1.4. Н.Орозбеков - айылдык кеңештин депутаты;

 

1.5. Э.Тургунов - Муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адиси;

 

1.6. А. Айылчиев –Таш-Кудук,Көк-Таш айылдарынын айыл башчысы;

 

1.7. Б.Айылчиева --Акназаров айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери, аялдар кеңешинин

төрайымы,

1.8. С.Сариев – Маданият, Урмарал айылдарынын айыл башчысы;

 

1.9. М.Ниязалиев-Ынтымак, Түйтө айылдарынын айыл башчысы;

 

1.10. М.Акматалиев- айылдык кеңештин депутаты;

 

1.11. Н.Нурматов- айылдык кеңештин депутаты;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме №3

2025-жылдын 14-октябрындагы №1

токтому менен бекитилген

 

Акназаров айыл аймагында өтүүчү жарандардын жыйындарында курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айылдардын тургундары менен өтүүчү жыйындардын графиги

 

№

Акназаров айыл өкмөтү калкынын саны 12244 адам

Делегаттардын

саны 80 адам

 

Өтүүчү орду

Өткөрүү 

күнү,сааты

Айыл

өкмөтүнөн жооптуулар

Байланыш

телефону

1.

Маданият айылы

       2107

13

Мектепте

21.10.2025-жыл

саат 10-00 дө

Сариев С

0500477417

2.

Урмарал айылы

        679

5

Мектепте

21.10.2025-жыл

саат 12-00 дө

Сариев  С

0500477417

3.

Көк-Таш айылы

        864

6

Мектепте

21.10.2025-жыл

саат 14-00 дө

Айылчиев  А

0709980031

4.

Таш-Кудук айылы

       1529

10

Мектепте

21.10.2025-жыл

саат 16-00 дө

Айылчиев А

0709980031

5.

Кызыл-Октябрь айылы

       2953

19

Клубда

22.10.2025-жыл

саат 11-00 дө

Айылчиев А

0709980031

6.

Шадыкан айылы 

       2934

 

19

Клубда

22.10.2025-жыл

саат 13-00 дө

.Ниязалиев

М.

0509070870

7.

Түйтө айылы

       1178

8

Клубда

22.10.2025-жыл

саат 15-00 дө

Ниязалиев

М.

0509070870

 

8.

Жалпысы:

     12244

80