Постановление Орловского городского кенеша от 20 марта 2025 года № 34/4-29 «О подаче заявки в фонд развития Кеминского района по проекту «Капитальный ремонт раздевалки спортивного зала» Орловской СШ №1»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-марты № 34/4-29
Орловка №1 орто мектебинин «Спорт залынын кийим алмаштыруучу жайын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Н.О.Мамырканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясы Г.П.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектебинин «Спорт залынын кийим алмаштыруучу жайын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшырсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |