Редакцияот 12.01.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чым-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы

 

2026-жылдын 12-январы № 3/1-1

Кыргыз  Республикасынын  Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын  негизинде  жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык жактан кызыкчылыктарын  коргоо, колдоо  жана  коомчулук арасында  нааразычылыктын алдын  алуужөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү  Өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, колдоо жана коомчулук арасында  нааразычылыктын  алдын алуу максатында Чым-Коргон айыл  аймагында курулуп  жаткан мал базардагы соода орундарын  ижарага берүү  жөнүндө  талкуулап, айылдык  кеңеш төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1.Чым-Коргон айыл аймагынын аймагында курулуп жаткан мал базардагы соода орундарын ижарага берүү ачык  аукцион жолу менен жүргүзүлсүн .

2.Аукцион аркылуу берилүүчү соода орундардын кеминде 50% пайызы  Чым-Коргон айыл  аймагында туруктуу каттоосу бар  жергиликтүү тургундарга  бөлүнсүн .

3.Калган соода орундары жалпы тартипте ачык аукцион аркылуу  берилсин.

4.Аукцион өткөрүү  тартибин  иштеп чыгуу  жана  уюштуруу Чым-Коргон  айыл  өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин .

 

Төрага

А.Тазабеков