ПостановлениеДействует

Постановление Орловского городского кенеша от 28 ноября 2025 года № 79/11-29 «О согласии на приватизацию квартиры»

Редакцияот 28.11.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХI КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-ноября № 79/11-29

 

Батирди менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 265-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 12–беренесинин 2-пунктуна жана 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Л.Е.Евдокимовскаянын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаары Зеленая көчөсү №23 үй, №2 батир дарегинде жайгашкан батирди менчиктештирүүгө Евдокимовская Любовь Егоровнага макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И. Токтакунов