ПостановлениеДействует

Чолпонбай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.09.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын

кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 5-сентябры № 4

 

Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу жөнүндө

 

Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 сандуу Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында, Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы “Тынчтык жөнүндө” №185 сандуу тескемедеги маселени карап, талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу калктуу конуштарда “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жагы каралсын:

- жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон обьектердин тизмеси;

- үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы:

- жумуш күндөрү-саат 22:00дон 07:00го чейин;

- дем алыш жана майрам күндөрү-саат 22:00дон 09:00го чейин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Жамакеев Кенжекул Абдрасуловичке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Абдрай уулу Н.