ЗаконДействует

Закон КР от 11 марта 2026 года № 21 «О ратификации Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту «Реконструкция (строительство) моста через реку Нарын на автодороге Бишкек - Ош для улучшения связанности с Транскаспийским международным транспортным маршрутом» и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским агентством международного сотрудничества (JICA) по проекту «Реконструкция (строительство) моста через реку Нарын на автодороге Бишкек - Ош для улучшения связанности с Транскаспийским международным транспортным маршрутом», подписанных 12 декабря 2025 года в городе Бишкек»

Редакцияот 11.03.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 11-марты № 21

 

 

2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Траискаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө япония тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 26-февралында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган