Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын
альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары – жарандар) альтернативдик кызмат өтөөсүнүн, ошондой эле альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоонун, которуунун жана запаска бошотуунун тартибин;
2) альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандардын укуктарын жана милдеттерин.
2. Альтернативдик кызмат – Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ишенимдерин, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга болгон каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна сунушталуучу кызматтын түрү.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн маселелери боюнча Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык аскер комиссариаттары менен өз ара аракеттенет.
4. Жарандарды альтернативдик кызматка чакырууну жетектөөнү, алардын альтернативдик кызмат өтөөсүн жана акчалай төгүмдөрдү төлөөсүнүн жүрүшүн контролдоону жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен өз ара аракеттенип, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (аскер комиссариаттары аркылуу) жүргүзөт.
5. Аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары (мындан ары – аскер комиссарлары) альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды каттоо үчүн, ошондой эле алардын кызмат өтөөнүн белгиленген тартибин сактоосун контролдоо үчүн жооптуу болушат. Каттоо тартибин бузгандыгы, контролдоо боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, каттоо маалыматтарын бурмалагандыгы же жоготкондугу үчүн аскер комиссарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
6. Аскер комиссарларына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо, альтернативдик кызмат өтөө мезгилинде аскердик-каттоо жана башка каттоо документтерин жүргүзүү;
2) жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсүн, алардын акчалай төгүмдөрдү төлөөсүн контролдоо;
3) альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн жарандарды өз убагында запаска бошотууну контролдоо;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине райондогу (шаардагы) альтернативдик кызматтын абалы жөнүндө мезгил-мезгили менен маалымдап туруу.
2-глава. Альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби
§ 1. Альтернативдик кызматка кабыл алуу
жана кызмат өтөө тартиби
7. Райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечиминин негизинде жарандар альтернативдик кызматта тургандар деп эсептелет жана альтернативдик кызматтын кызматчылары деп аталат.
Альтернативдик кызматтын мөөнөтү чакырылган күндөн тартып эсептелет.
8. Альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды кабыл алгандан кийин аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) альтернативдик кызматтын кызматчыларына альтернативдик кызмат өтөөнүн тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
2) зарылдыгына жараша альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүгүн тапшырууга;
3) альтернативдик кызматтын кызматчыларын жекече каттоо журналына жазууга;
4) альтернативдик кызматтын кызматчысына өздүк эсеп ачууга;
5) диний ишенимдери боюнча чакырылган, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдирген адамдарды ысымы жазылган тизмеге ылайык жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жиберүүгө.
9. Альтернативдик кызматтын кызматчысы альтернативдик кызмат өтөө мезгилинде Мыйзамда белгиленген мөөнөттө акчалай төгүмдөрдү төлөбөгөн учурда, аскер комиссары альтернативдик кызматтын кызматчысына, ал жок учурда жакын туугандарына карызын төлөө зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
10. Альтернативдик кызматтын кызматчылары иштеп жаткан ишканалардын, аймактык ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аларга аскер комиссариатына чакырылгандыгы жөнүндө кабарлоого жана алардын ушул чакыруу боюнча өз убагында келүүсүнө көмөктөшүүгө;
2) альтернативдик кызматтын кызматчысынын үй-бүлөлүк абалы, ден соолугунун абалы, билими, адистиги, жашаган жеринин дареги жана башка маалыматтары өзгөргөндө ушул өзгөрүүлөрдү анын каттоого алуу карточкасына киргизүүгө жана бул тууралуу бир жумалык мөөнөттө аскер комиссариатына кабарлоого.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматчыларын коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу жерлери боюнча бөлүштүрөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коомдук пайдалуу жумуштардын аткарылган көлөмү көрсөтүлгөн аткарылган иштердин актыларына ылайык альтернативдик кызматтын кызматчылары аткарган коомдук пайдалуу жумуштардын түрлөрүнүн жана сааттардын эсеби жүргүзүлөт. Актылар аймагында жумуштар аткарылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдары тарабынан түзүлөт жана кол коюлат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматчысы коомдук пайдалуу жумуштарды узактыгы 48 саат бою аткаргандан кийин ага иштеген сааттарынын саны жана аткарган иштери жөнүндө маалымкат берет.
12. Ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине альтернативдик кызматтын кызматчысынын кызмат өтөө маселелери боюнча аскер комиссариатына кайрылуусуна тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
13. Альтернативдик кызматтын кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) чакыруу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттө аскер комиссариатына келүүгө;
2) ден соолугунун абалы, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана башка маалыматтары боюнча бардык өзгөрүүлөр жөнүндө 10 күндүк мөөнөттө аскер комиссариатына маалымдоого;
3) жашаган жерин алмаштырганда жазма буйрукта көрсөтүлгөн аскер комиссариатына каттоого туруу үчүн келүүгө;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аныктаган коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга жана иштеген сааттарынын саны жөнүндө тиешелүү аскер комиссариатына маалымкат берүүгө.
§ 2. Альтернативдик кызматтын
кызматчыларын каттоо
14. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоону жалпы жетектөө жана контролдоо коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми республиканын шаарларынын жана райондорунун чегинде – тиешелүү аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.
15. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо жекече жана сандык болуп бөлүнөт. Аскер комиссариаттарында жекече каттоо, ал эми коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сандык каттоо жүргүзүлөт.
16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер комиссарлары каттоону уюштуруу жана сапаттуу жүргүзүү, альтернативдик кызматтагы кызматчыларды каттоонун аныктыгы жана толуктугу, каттоо документтерин жүргүзүү жана анын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
17. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын эсепке алуунун абалы үчүн жооптуу аскер комиссариатынын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) альтернативдик кызматтын бардык кызматчыларынын Мыйзамдын жана ушул Жобонун талаптарын так жана өз убагында аткаруусун системалык контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) ушул Жобонун талаптарына ылайык альтернативдик кызматтын кызматчыларын жекече каттоону жүргүзүүгө, жаңы жашаган жерине кеткенде, запаска мөөнөтүнөн мурда бошотулганда жана запаска бошотулганда кызматчыларды каттоону жана каттоодон чыгарууну өз убагында жүргүзүүгө;
3) альтернативдик кызматтын кызматчыларынын орун которууларын контролдоого;
4) альтернативдик кызматтын кызматчыларынын акчалай төгүмдөрдү төлөөсүн контролдоого;
5) үй-бүлөлүк абалы, ден соолугунун абалы, адистиги, жашаган жери жана башка маалыматтары өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды тактоого жана кызматчылардын өздүк делолоруна жана башка аскердик-каттоо документтерине өз убагында киргизүүгө, альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо боюнча документтерди жүргүзүүгө жана өз убагында тактоого;
6) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларына ылайык райондогу (шаардагы) альтернативдик кызматты уюштуруу боюнча отчеттук документтерди өз убагында берүүгө.
18. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо жеке каттоо журналы жана өздүк делолор боюнча жүргүзүлөт.
19. Аскер комиссариаттарында альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолорунан картотека түзүлөт, алар төмөнкүлөрдөн турат:
1) каттоодо турган альтернативдик кызматтын кызматчылары;
2) каттоодон чыгарылып, өздүк делолору сурап алына элек альтернативдик кызматтын кызматчылары;
3) издөөдө жүргөндөр.
Өздүк делолор картотекада алфавит боюнча чакыруу мезгилдери жана жылдары боюнча жайгаштырылат.
20. Альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын чегинде жаңы жашаган жерине көчкөн учурларда альтернативдик кызматты өтөө үчүн которула алышат. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын которуу аскер комиссарынын тиешелүү уруксаты берилгенден кийин жүргүзүлөт.
Жаңы жашаган жерине кеткен альтернативдик кызматтын кызматчысын каттоодон чыгаруу анын арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларына эки нускада жазма буйрук жазылат: биринчи нускасы жаңы жашаган жерине барганда каттоого туруу үчүн жазма буйрукта аталган мөөнөттө тиешелүү аскер комиссариатына барууга милдеттүү экендиги түшүндүрүлүп, альтернативдик кызматтын кызматчысына тапшырылат; жазма буйруктун экинчи нускасы тийиштүү топтоо пунктуна контролдоо үчүн жиберилет.
21. Башка райондордон келген альтернативдик кызматтын кызматчысын каттоого кабыл алуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) жекече каттоо журналына альтернативдик кызматтын кызматчысы жөнүндө каттоо маалыматтары киргизилет;
2) кабарлама (жазма буйруктун дүмүрчөгү) эки нускада толтурулат: биринчи нускасы кызматчынын мурдагы каттоодо турган жери боюнча аскер комиссарына кызматчынын өздүк делосун жиберүү өтүнүчү менен жиберилет; экинчи нускасы тийиштүү топтоо пунктуна контролдоо үчүн жиберилет.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолору алынганга чейин алар өздүк делолордун картотекасында сакталуучу жазма буйруктар боюнча каттоого алынат.
22. Жазма буйруктардын жана кабарламалардын экинчи нускалары тийиштүү топтоо пунктунда отчеттук жыл бою сакталат жана альтернативдик кызматтын кызматчысынын жыл ичиндеги кыймылы жана алардын бар-жогу жөнүндө маалыматтар жалпылаштырылгандан кийин жок кылынат.
23. Кызматчынын жаңы жашаган жери боюнча аскер комиссариатынан кабарлама алынган учурда анын өздүк делосу каттоо-кызмат өтөө карточкасы, жеке эсеби менен бирге 3 күндөн кем эмес мөөнөттө аскер комиссариатына андан ары каттоо үчүн жиберилет. Жеке каттоо журналында өздүк делонун жиберилгендиги жөнүндө белги коюлат.
Которуу жөнүндө кызматчынын арызы жана жаңы жашаган жери боюнча өздүк делону жиберүү жөнүндө аскер комиссариатынын кабарламасы аскер комиссариатында делого тиркелет. Эгерде кызматчыларды каттоодон чыгаргандан кийин бир айлык мөөнөттүн ичинде тиешелүү аскер комиссариаттарынан алардын аскердик каттоого алынгандыгы жөнүндө кабарлама келип түшпөсө, аскер комиссариаттары мындай кызматчыларды издөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө милдеттүү.
24. Альтернативдик кызматтын кызматчысынын өздүк делосу келип түшкөндө жеке каттоо журналына анын аскер комиссариатына каттоого алынгандыгы жөнүндө жазуулар түшүрүлөт.
Алынган өздүк дело тактоодон кийин чакыруу мезгилине ылайык картотекага жайгаштырылат. Мурдагы кызмат кылган жери боюнча аскер комиссары тарабынан берилген жазма буйрук өздүк делого көктөлөт.
3-глава. Альтернативдик кызматтын
кызматчыларын запаска бошотуу
25. Катталган диний уюмдун мүчөсү болуп эсептелген, диний окуусу курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген жарандардан тышкары, Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн альтернативдик кызматтын кызматчылары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун негизинде аскер комиссарынын буйруктары менен запаска бошотулат. Мында жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы жарандар каалоосун билдирген учурда Мыйзам жана Мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
26. Аскер комиссары каттоо документтери боюнча кызматчынын кызмат өтөөсүнүн толуктугун жана төлөнгөн акчалай төгүмдөрдүн суммасын, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды белгиленген саатттардын санында аткаргандыгын тактап, альтернативдик кызматтын кызматчысын запаска бошотуу жөнүндө буйрук чыгарат. Буйрукка коомдук пайдалуу жумуштарды толук аткарып бүтө элек кызматчылар дагы киргизилет. Бул учурда аскердик билет алар коомдук пайдалуу жумуштарды аткаргандан кийин берилет.
27. Катталган диний уюмдун мүчөсү болуп эсептелген, диний окуусу курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген жарандардын ичинен Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн, коомдук пайдалуу жумуштарды аткарган жана белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөн альтернативдик кызматтын кызматчылары альтернативдик кызматтан бошотулат жана аскердик каттоодон чыгарылат.
28. Альтернативдик кызматтын кызматчылары белгиленген төгүмдү мөөнөтүнөн мурда толук өлчөмдө төлөгөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулат.
29. Альтернативдик кызматтын мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген төлөмдү төлөө боюнча карызын толук өлчөмдө төлөбөгөн альтернативдик кызматтын кызматчылары, аскер комиссарынын буйругу менен альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосунан чыгарылат жана ысымы жазылган тизме боюнча аскерге чакырылуучулардын каттоосуна берилет.
Мында анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде акчалай төгүмдүн төлөнгөн суммасы үч айдын ичинде альтернативдик кызмат өтөө үчүн келип түшкөн төгүмдөрдүн эсебинен кайтарылып берилиши мүмкүн.
Альтернативдик кызматтын кызматчысы альтернативдик кызмат өтөп жаткан учурда каза болсо, жакын туугандары жазуу жүзүндө кайрылганда ал төлөгөн акчалай төгүм толук өлчөмдө кайтарылып берилет.
30. Үй-бүлөлүк шарттары боюнча чакырылган, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн же 1-категориядагы запаска киргизүү үчүн мөөнөтүнөн мурда белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөн альтернативдик кызматтын кызматчылары, аскердик даярдык жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган программалар боюнча атайын (окуу) жыйындарынан өткөндөн кийин запаска бошотулат.
Аскердик даярдык боюнча атайын (окуу) жыйындарынан өтүүдөн жазуу жүзүндө баш тарткан альтернативдик кызматтын кызматчылары 2-категориядагы аскердик каттоого алынат.
31. Альтернативдик кызматтын кызматчысынын медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп табылгандыгына же аскердик-врачтык комиссия тарабынан альтернативдик кызмат өтөөгө жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу жөнүндө арызы келип түшкөндө, өздүк делосу жана тастыктоочу документтер аскер комиссарынын өтүнүч каты менен кошо коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жиберилет.
32. Анча оор эмес, оор же өзгөчө оор болуп эсептелген кылмышы үчүн альтернативдик кызматтын кызматчысын эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза берүү жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда сот өкүмүнүн көчүрмөсү тиркелген аскер комиссарынын өтүнүч каты коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
33. Кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн жана запаска бошотулган альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолору аскер комиссариатынын архивинде алар бошотулгандан кийин 2 жыл бою сакталат.
Аталган мөөнөт аяктагандан кийин алардын өздүк делолору белгиленген тартипте жок кылынат.
4-глава. Альтернативдик кызматтын
кызматчыларынын укуктары жана милдеттери
34. Альтернативдик кызматтын кызматчыларынын укуктары жана милдеттери Мыйзам жана ушул Жобо менен аныкталат.
Жарандар альтернативдик кызмат өтөөнү камсыз кылуучу органдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанууга укуктуу.