ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Ак-Кудук айылного аймака Ак-Кудук от 23 февраля 2026 года № 73/XVI-29 «О переименовании названия детского сада «Белочка» села Милянфан»

Редакцияот 23.02.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 23-февралы № 73/ХVI-29

 

Милянфан айылындагы “Белочка” балдар бакчасынын аталышын которуу жөнүндө

 

Айылдык кеңешинин сессиясында “Белочка” балдар бакчасынын аталышын мамлекеттик тилдеги аталышка которуу жөнүндө 2026-жылдын 26-январындагы №2 катын жана ата-энелер жыйынын №1 протоколун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айыл аймагына караштуу Милянфан айылындагы № 15 “Белочка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы ”Ширин балдар” болуп которулсун.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун фирмалык аталышы №15 “Ширин балдар” мектепке чейинки билим берүү уюму” деп аталсын.

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде -“Ширин балдар” МЧББУм-си

- на официальном языке- ДОО “Ширин балдар”

3. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Дж. Маванкуй