ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 10 сентября 2025 года № 3360-VII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Дополнительного соглашения № 1 к Кредитному соглашению от 23 мая 2019 года между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту «Реабилитация систем водоснабжения в органах местного самоуправления Мырза-Аке, Дон-Булак и Куршаб» и Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития в отношении инвестиционного гранта из Специального фонда акционеров Европейского банка реконструкции и развития, предоставляемого по проекту «Реабилитация систем водоснабжения в органах местного самоуправления Мырза-Аке, Дон-Булак и Куршаб», подписанных 14 апреля 2025 года в городе Бишкек»

Редакцияот 10.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-сентябры № 3360-VII

"2025-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 23-майындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 кошумча макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 27-июнундагы чыг. № 18-6912) "2025-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 23-майындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 кошумча макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев